Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги балдары Казакстанда окуган ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүүдө


Казакстанда толкундоолор болуп жаткан маалда Түркмөнстандын Балкан жана Лебап облусунда балдары казак жогорку окуу жайларында окуп жаткан жарандар менен бийлик өкүлдөрү жыйындарды өткөрүүдө.

Чогулушта бийлик өкүлдөрү Казакстандагы нааразылыкка түркмөн жаштары да катышып жатканы тууралуу маалыматтар түшүп жатканын айтышты. Алар ата-энелерден балдарын демонстрацияларга катышпоого чакырууну талап кылышты. Бул тууралуу 6-январда “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

Жыйынга Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери жана полициячылар да катышты.

Бул арада Түркмөнстанда мамлекеттик медиа Казакстанда болуп жаткан окуялар тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

Түркмөнстан өкмөтү чет өлкөлүк ЖОЖдордо, анын ичинде Казакстанда окуп жаткан жарандарынын саны канча экени жөнүндө маалыматтарды ачык жарыялабайт.

Казакстандагы inform.kz сайты кабарлагандай, Казакстанда 3500 түркмөн студенти билим алууда.

XS
SM
MD
LG