Ссылки доступа

Алматыда Республика аянтында пулемёттон ок атылды, өлгөндөр жана жаракат алгандар бар


Алматынын Республика аянтында турган куралсыз адамдарга аскерлер пулемёттон ок атты. Аянтта мурда ар кыл акцияларга катышып жүргөн активисттер турган. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы жеринен кабарлады.

Журналист Ануар Данияровдун айтымында, Алматы убактысы менен 18:43төн баштап ок атыла баштаган. Пулемётту ал жерге брондолгон машинелер менен келген аскерлер атышкан. Ок атылып жатканын активисттер Марат Турымбетов менен Айгерим Төлөуданова да ырастады. Ок атылган тушта алар аянтта болушкан.

Данияров кеминде бир адам каза болгонун кабарлады: журналисттин жанындагы жигиттин өпкө тушуна ок тийген. Ал ооруканага жетпей каза болгон. Маркум 18-20 жашта болгон.

Аянтка жаштар чогулган. Алар бийликтен ЖККУнун аскерлерин киргизбөөнү, толук кызматтан кетүүнү, жарандык коомдон убактылуу өкмөт курууну талап кылышкан. Нааразы топтун колунда “Токаев, ок атпа! Биз террорчу эмеспиз!” деген чоң плакаттар болгон.

Аянтта кулак тундуруучу гранаталардын добуштары угулуп турган. Марат Турымбетовдун айтышынча, жаракат алган беш кишини жарандар ооруканаларга алып кетишкен.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Негизги нааразылык Алматы шаарында өтүп жатат. 5-январда мэриянын, прокуратуранын жана бийлик партиясынын имараттары өрттөлгөн. Кийин бийлик "антитеррордук операция" жүргүзүп, тополоңго катышып жаткан бир нече жаран жок кылынганын маалымдаган. Натыйжада ондогон адам каза тапканы кабарланды. Ушул тапта Алматы шаарында Интернет жана байланыш жок.

XS
SM
MD
LG