Ссылки доступа

Казакстан ИИМи Алматыдагы Республика аянты "тазаланганын" билдирди


"Информбюро" маалымат агенттиги Казакстан ИИМине шилтеме берүү менен Алматыдагы Республика аянты “кылмыштуу топтордон тазаланды” деп жазды.

“Азаттыктын” казак кызматы буга чейин Республика аянтында кишилерге ок атылганын кабарлаган. Аянтта мурда ар кыл акцияларга катышып жүргөн куралсыз активисттер болгон.

Журналист Ануар Данияровдун айтымында, Алматы убактысы менен 18:43төн баштап ок атыла баштаган. Пулемётту ал жерге брондолгон машинелер менен келген аскерлер атышкан. Данияров кеминде бир адам каза болгонун кабарлаган: журналисттин жанындагы жигиттин өпкө тушуна ок тийген. Ал ооруканага жетпей каза болгон. Маркум 18-20 жашта болгон.

Аянтка чогулгандардын көбү жаштар болгон. Алар бийликтен ЖККУнун аскерлерин киргизбөөнү, толук кызматтан кетүүнү, жарандык коомдон убактылуу өкмөт курууну талап кылышкан. Нааразы топтун колунда “Токаев, ок атпа! Биз террорчу эмеспиз!” деген чоң плакаттар болгон.

Бул арада Казакстандагы жергиликтүү медиа каражаттары 6-январда “Алматы ТВ” телеканалынын бир кызматкери атылган октон каза таап, бир журналисти жаракат алганын кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мерт болгон адам журналисттик топтун айдоочусу болгон. Алардын жанында жүргөн оператор жабыркаган эмес.

“Алматы ТВнын” кызматкерлери Алматыдагы Республика аянтынын айланасында жүргөндө ок атууга туш болушкан.

Казакстан Ички иштер министрлиги курал-жарагын тапшыруудан баш тарткан кишилерди “жок кылуу күтүп турганын” билдирди. "Sputnik Казахстан" агенттиги кабарлагандай, көчөлөрдө полиция жана Улуттук гвардиянын көзөмөлү күчөтүлдү, блокпосттор орнотулду.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги соңку окуяларда каза болгон полициячылар менен аскерлердин саны 18ге жеткенин, 748 киши жаракат алганын билдирген. Тополоңдон кийин 2 298 адам кармалган.

XS
SM
MD
LG