Тажикстан Тышкы иштер министрлиги 6-январда өлкөнүн Нур-Султан шаарындагы элчилиги жана Алматыдагы башкы консулдугу штаттык режимде иштеп жатканын кабарлады.
“Казакстандын айрым шаарларында жана аймактарында мыйзамсыз митингдер болуп жатканына байланыштуу бул өлкөдө жүргөн Тажикстан жарандарын кыраакы болууга жана эл көп топтолгон жерлерден качууга чакырабыз” деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Тажикстан ТИМи өз жарандарына Казакстан аймагында жарыяланган өзгөчө абал режимин сактоого кеңеш берет.
Ошол эле маалда министрлик Тажикстан жарандарын Казакстанда абал толук турукташканга чейин бул өлкөгө барбоону сурайт.
2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланды.
Соңку эки күн ичинде Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери келе баштады.