Бул кабар орус маалымат агенттигинин сайтында Казакстанда газдын баасынын жогорулаганына байланыштуу болгон митингдерден кийин жарыяланды.
“Ушул тапта Орусияга газ жөнөтүлгөн жок жана 2022-жылы пландар өзгөрбөйт”,– деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
“Интерфакс” кабарлагандай, азыркы учурда Өзбекстан газды негизинен Кытайга жөнөтүүдө.
2020-жылы Кытайга 3,277 млрд куб метр газ, 2021-жылдын он айында 4,020 млрд куб метр газ экспорттолгон.