Ссылки доступа

Өзбекстандыктар Казакстандагы окуялар өлкө экономикасына таасирин тийгизет деп кабатыр болууда


6-январда Казакстан Өзбекстан менен чек арасын белгисиз мөөнөткө жапты. Буга Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал жарыяланганы себеп болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Казакстандын Ташкенттеги элчилигинин өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Өзбекстандык экономисттер жана ишкерлер Казакстандагы окуялар Өзбекстандын жашоосуна таасирин тийгизерин билдиришүүдө.

Бул арада Өзбекстанда суюлтулган газ, пахта майы жана пахта арзандады.

Соцтармактардагы байкоочулар расмий Ташкент Казакстандагы толкундоолор Өзбекстанга өтүп кетпесин деген чочулоо менен убактылуу бааны төмөндөтүп жатканын жазышууда.

Өзбекстан өкмөтүнө жакын өз булактын билдиришинче, президент Шавкат Мирзиёев негизсиз түрдө газ, бензин, электр энергиясы жана суунун баасын жогорулатпоону тапшырган.

Өзбекстандык талдоочулар эгер Казакстандан мунай, ун жана тамак-аш азыктарын экспорттоо үзгүлтүккө учураса, өлкө экономикасы олуттуу чыгым тарта турганын айтышууда.

– Казакстан эт жана жумуртканы экспорттоого тыюу салды. Чек аралар жабылды, жүк ташуучу унаалар өтө албай калышты. Поезд каттамдары токтоду. Эми эт жана буудай кымбаттайт, Павлодар заводунан трактор алып келүү токтойт, металл, тиричилик техникасы жана азык-түлүк товарларынын экспорту кыскарат. Мындай хаос канчага чейин созуларын эч ким билбейт, - деди өзбекстандык ишкер.

Өзбекстан Казакстандан негизинен ун, буудай, айыл чарба жана өндүрүш техникаларын, тетиктерди, күйүүчү май, электр кубатын, мунай азыктарын, металл жана андан жасалган буюмдарды экспорттойт.

Өзбекстан менен Казакстандын ортосунлагы товар жүгүртүү 2021-жылдын тогуз айында 3,26 млрд долларды түзгөн. Бул убакыт аралыгында экспорттун көлөмү 952,4 млн, импорттуку – 2 210,9 млн долларга жетти.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып жатат. Башаламандык менен коштолгон бул акцияларда ондогон адам каза тапты. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган. Бийлик "контртеррористтик операция" жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG