Ссылки доступа

Түркмөнстан: бийлик жарандарды нааразылык акцияларына катышпоого чакырууда


Мары облусунун Байрамалин районунда бийлик өкүлдөрү чет өлкөлөрдө жүргөн жарандардын туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларга чет жердеги жакындарына өкмөткө каршы топтордун ишине катышпоого чакырууну эскертип жатышат.

Мындан тышкары бийлик VPN программаларын бөгөттөөнү кайрадан күчөттү. VPN четөөлөрү Дашөгүз облусунун айрым райондорунда байкалууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматына анонимдүүлүк шарты менен маек берген офицердин айтымында, бийликтин бул аракети Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу.

“Биздин бийлик үстүнөн чымчык учуп өтсө да кооптонуп турат. Былтыр чет жактарда түркмөнстандыктардын нааразылыгы күчөй баштаганда баарыбызга жогорку аскердик даярдыкта болууга тапшырма беришкен”, - деди офицер.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышкан. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда. Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал жарыяланды.

XS
SM
MD
LG