Ссылки доступа

ТИМ Казакстандын элчисине нота тапшырды


Музыкант Викрам Рузахунов
Музыкант Викрам Рузахунов

Музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыдагы башаламандыкка тийиштиги бар деп шектелип кармалышына байланыштуу 9-январда Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Азизбек Мадмаров Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары М.Сыздыков жана Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ниязалиев казак тарапты Казакстандагы акыркы окуяларга чет элдик жарандардын катышуусу боюнча текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырды. Ошондой эле консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын айтты.

Элчи кыргыз тараптын тынчсыздануусу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада жеткирилерин айтып, жакынкы аралыкта кеңири маалымат берүүнү убада кылды. Ал азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишендирди.

“Консулдук Казакстандын аймагындагы Кыргызстандын ар бир жаранына жардам көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүп жатат. Казакстандын аймагында жашап, базарларда жана башка иштерде иштеп жатышкан мекендештерибиздин маселеси министрдин өзгөчө көзөмөлүндө”, - деп айтылат маалыматта.

9-январда Казакстандын "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Видеодо катуу сабалган адам "белгисиз адамдар" аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Анын Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Соцтармактарда кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 9-январда тараткан маалыматка караганда, музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган.

Авиабилет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынганын жана ал Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткенин милицияга жакындары билдиришкен.

Буга чейин Казакстандын Ичкы иштер министрлиги башаламандыкка тийиштүү делип кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтып, кайсы өлкө экенин ачыктаган эмес.

XS
SM
MD
LG