Ссылки доступа

Казакстанда жайкын тургундардын, анын ичинде балдардын өлүмү тууралуу маалыматтар көбөйүүдө


Алматыдагы башаламандыктар учурунда 11 жаштагы бала да каза болгон. Бул тууралуу 9-январда Казакстандын балдар акыйкатчысы Аружан Саинге шилтеме кылып "КазТАГ" жана "Интерфакс" агенттиктери кабарлашты.

Маалыматка караганда, балага 5-январда ата-энеси менен көчөдө сейилдеп жүргөндө ок тийген.

Акыйкатчынын айтымында, мындан тышкары Алматы ооруканасында 15 жаштагы өспүрүм оор абалда жатат. Аны менен чогуу ооруканага жаракат алган атасы да жеткирилген. Алар экөө тең автоунаада баратканда ок атылып, жарадар болушкан.

8-январда Jerusalem Post гезити Израилдин Тышкы иштер министрлигине шилтеме кылып, Алматыдагы башаламандыктарда 22 жаштагы израиль жараны каза болгонун кабарлаган.

Orda.kz сайты Телеграм-каналына Алматыдагы өлүкканада турган адамдардын айткандарына таянып, алардын жакындары октон көз жумганын, арасында төрт жаштагы кыз да бар экенин жазды.

Азырынча бул маалыматтар боюнча расмий төгүндөө да, ырастоо да жок.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана 26 "куралчан адам" өлтүрүлгөнүн, 748 киши жаракат алганын билдирген.

Өлкөдө 6-январдан бери "антитеррористтик операция" жүрүүдө. Токаев ага катышып жаткан күч түзүмдөрүнө "эскертүүсүз ок атууга" буйрук бергенин билдирген. Ага чейин Алматыда тополоң башталып, белгисиз адамдардын тобу мэриянын имаратына жана аба майданга кирип барган. Интернетке шаар акимчилигинин имараты өрттөнүп жатканы тартылган видеолор жарыяланып, ондогон соода түйүндөр, дүкөндөр жана банктар тонолгону кабарланган. Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында бул башаламандыктарга "террористтик топторду" айыптаган. Бирок ал айткан "террористтик топтордун" өлкөдө 2-январда башталган нааразылык акцияларга катышы бар экени тууралуу так далилдер жок.

XS
SM
MD
LG