Ссылки доступа

Тажикстанда Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышууга айыпталган беш аял соттолду


Тажикстанда Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышууга айыпталган беш аял узак мөөнөттөргө соттолду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, былтыр жайында Ооганстандан Тажикстанга жеткирилген аялдардын экөө 12 жылга, үчөө 14 жылга эркинен ажыратылган. Мындай өкүмдү өткөн жылы октябрь жана ноябрь айларында Душанбе шаардык соту, баш калаадагы Сино райондук соту жана Вахдат шаардык соту чыгарган. Соттолуучуларга "Ислам мамлекети" террордук тобу менен кызматташуу айыбы тагылган. Соттолуучулар менен адвокаттары бул айыптоолорду четке кагып жатышат.

Буга чейин ИМ тобуна мүчө болгону жана аны менен кызматташканы үчүн тажикстандык бир нече аял Иракта узак мөөнөттөргө соттолгон.

Мындан тышкары тажикстандык аялдардан турган дагы бир топ Сириядагы күрд күчтөрүнүн колуна түшүп, бул өлкөдөгү лагерлерде кармалып турушат. Алар бир нече жолу андагы шарттарга даттанып, тажик өкмөтүн аларды мекенине алып кетүүгө чакырышкан. Бийлик лагердеги жарандар Тажикстанга кайтарыларын билдирип, бирок так датасын айткан эмес.

XS
SM
MD
LG