Ссылки доступа

Эмомали Рахмон Токаевге көңүл айтты


10-январда Тажикстан президенти Эмомали Рахмон казак кесиптеши Касым-Жомарт Токаевге көп адамдын өлүмүнө алып келген соңку кайгылуу окуялардан улам көңүл айтты.

«Сизге жана Казакстан элине өлкөнүн бир катар аймактарындагы трагедиялуу окуяларга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Тажик эли бир тууган Казакстан элинин азасын тең бөлүшөт», - деп белгиленген телеграммада.

Казакстанда бүгүн, 10-январда улуттук аза күтүү күнү жарыяланган.

Буга чейин Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги 164 адам өлгөнүн жарыялаган, бирок көп өтпөй өкмөт муну "техникалык" ката деген негизде четке каккан.

Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана "куралчан" 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды.

XS
SM
MD
LG