Ссылки доступа

АКШнын мамлекеттик катчысы казак президентинин "эскертүүсүз ок атуу" буйругун айыптады


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин “эскертүүсүз ок атуу” буйругун айыптады. 

Ал Вашингтон борбор азиялык өлкөдө эмне себептен ички башаламандык учурунда ЖККУ күчтөрүн киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганы боюнча түшүндүрмө алууга аракет кылып жатканын билдирди.

Блинкен 9-январда ABC-TV телеканалына берген интервьюсунда: “Эскертүүсүз ок атуу – ката жана жокко чыгарылышы керек”, деп айткан.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 7-январда телеканалдар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын маалымдаган. Токаев “террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин" билдирген.

Андан бир күн мурун, 6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу максатында” деген жүйө менен Казакстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) жардам сураган. Ага удаа эле Орусия аскерлеринин алгачкы бөлүгү атайын техниканын коштоосунда Казакстанга келип түшкөнү кабарланган. Ага удаа Армения, Беларус, Тажикстан да Казакстанга “бейпилдик күчтөрүн” жөнөткөн.

7-январда уюмдун бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери Алматы шаарына жеткирилген.

XS
SM
MD
LG