Мунун алдында Кыргызстандын Юстиция министрилиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргыз жараны Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүнүч жөнөткөн. Анда кыргызстандык пианист кыйноого кабылган фактыдан улам кылмыш иши козголуп, күч кызматкерлеринин аракети 2002-жылдагы Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык тергелиши керектиги керектиги жазылган.
Ага чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги музыканттын кармалышына байланыштуу Казакстанга нота тапшырган.
Жекшембиде "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноого кабылганынан улам ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымалдыгын жазышкан.
Кыргыз милициясы музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн 2-январда Алматыга учуп барганын, авиабилетти 16-декабрда эле сатып алган маалымдаган.
Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тийиштүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.
10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Кармалгандар боюнча эки тараптуу тиешелүү иштер аткарылып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.