Ссылки доступа

Казакстанда атайын кызматтын полковнигинин сөөгү табылды


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети атайын кызматтын полковниги Азамат Ибраевдин өлгөнүн кабарлады. Анын сөөгү өзүнүн үйүнүн алдында табылган.

“Улуттук коопсуздук комитетинин полковниги Азамат Ибаревдин сөөгү 2022-жылы 10-январда Нур-Султан шаарында өзү катталган үйдүн алдында табылды”, - деп айтылат ведомствонун сайтында жарыяланган маалыматта.

Бул арада Казакстан Ички иштер министрлиги Жамбыл облусунун полиция башчысы, генерал Жанат Сулеймановдун кайтыш болгонун ырастады.

Журналист Михаил Козачков “Телеграмдагы” каналында Сулейманов өзүнө кол салганын жазган.

XS
SM
MD
LG