Ссылки доступа

Өзбекстанга жарым миллион доза Moderna вакцинасы жеткирилди


Өзбекстан эл аралык COVAX программасынын алкагында Moderna вакцинасынан кайтарымсыз түрдө дагы 500 миң доза алды.

Препарат Ташкентке дүйшөмбү күнү жеткирилди. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Өзбекстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, бул коронавируска каршы жаңы жылдан кийин келген алгачкы вакцина.

COVAX программасынын алкагында Өзбекстанга жалпысынан 9,5 миллион дозадан ашуун вакцина жеткирилди. Препараттарды сатып алуу жана жеткирүүдө башкы ролду ЮНИСЕФ аткарып жатат.

Өзбекстанда коронавируска каршы сатылып алынган, кайтарымсыз түрдө келген жана өлкө ичинде өндүрүлгөн вакциналардын жалпы дозасы 50 миллионго чукулдады. Анын ичинен 40 миллион дозасы колдонулду.

XS
SM
MD
LG