Ссылки доступа

Казакстанда бир күн ичинде ИИМ системасындагы үч киши өлгөнү кабарланды


Жамбыл облусунун полиция департаментинин башчысы Жанат Сулейменов
Жамбыл облусунун полиция департаментинин башчысы Жанат Сулейменов

Казакстан Ички иштер министрлиги Жамбыл облусунун полиция департаментинин башчысы, генерал Жанат Сулеймановдун кайтыш болгонун тастыктады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди. Ушул тапта өлүмдүн себеби аныкталууда.

Казакстандык журналист Михаил Козачков телеграм-каналында өлкөдөгү жапырт нааразылыктан кийин ага кылмыш иши козголгонун, аны трибунал коркунучу күтүп турганын жазды.

Бул арада Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети атайын кызматтын полковниги Азамат Ибраевдин кайтыш болгонун кабарлады. Анын сөөгү өзүнүн үйүнүн алдында табылган. Азырынча полковник кандай жагдайда өлгөнү айтыла элек.

Алматыда райондук полиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Танат Назанов жумуш ордунда инфарктан кайтыш болду. Бул тууралуу Orda.kz басылмасы шаардык полиция департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

8-январда Казакстанда улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов кармалган. Ал мамлекеттик чыккынчылыкка шектелүүдө.

Казакстанда 2-январда башталган жапырт нааразылыктардан кийин өлкө боюнча дээрик сегиз миңдей киши кармалды.

XS
SM
MD
LG