Ссылки доступа

Өзбекстанда журналисттерге жана блогерлерге Казакстандагы окуяларды чагылдырууга тыюу салынууда


Өзбекстанда коңшу Казакстандагы окуяларды чагылдырууга аракет жасаган айрым блогерлер жана журналисттер укук коргоо органдарына чакырылганын билдиришти. Алардан “бул темада аз жазууну”, “видеолорду таратпоону” жана “митингдерге чакырбоону” талап кылышууда.

Атын атабоону сураган блогерлердин бири тыюу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынан түшүп жатканын билдирди.

– Бизде кырдаалды дагы курчутуп жибербөө үчүн Казакстандан келген видео жана аудиолорду жайгаштырууга тыюу салышууда. Бул бейрасмий буйрук! Мен өз каналыма Казакстандагы талоончулук боюнча 2-3 видеоролик жайгаштыргам. Кийин мага Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинен чалышып, бул видеороликтерди өчүрүүнү жана мындан ары жайгаштырбоону сурашты, – деди өзбекстандык блогер.

Дагы бир катар активисттер Казакстандагы окуялар жөнүндө жазылган посттор жана комментарийлер үчүн анонимдүү профилдерден коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын кабарлашты.

“Өзбектер качан ойгонот?!” деген аталышта пост жазган соцтармактардын активдүү колдонуучусу ички иштер органдарына чакырылганын айтты.

– Бул пост үчүн мага: “Мындай коркунучтуу нерсе жазбаңыз, казактар жөнүндө жазбаңыз, акырын жүрүңүз” деп айтышты. Андан соң тилкат жаздырып алышты. Мен Казакстандагы окуяларды чагылдырбоого милдеттенме алып, жоопкерчилик тууралуу эскертүү алганымды жазып бердим. Бир сөз менен айтканда мага түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, –деди ал.

Өзбекстандагы борбордук басылмалар, радио жана телеканалдар дагы Казакстандагы башаламандыктар жөнүндө чектелүү гана маалыматтарды берип жатышат.

XS
SM
MD
LG