Ссылки доступа

Алихан Смаилов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды


Алихан Смаилов
Алихан Смаилов

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт башчы кызматына Алихан Смаиловдун талапкерлигин парламентке сунуштады.

Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин аны 89 депутаттын баары бир добуштан колдогонун билдирди. Смаилов 5-январдан тартып өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан.

Ага чейинки өкмөт башчы Аскар Мамин Казакстандагы соңку тополоңдого байланыштуу кызматтан алынган.

49 жаштагы Алихан Смаилов 2018-жылдын сентябрь айынан 2019-жылдын февраль айына чейин каржы министри болуп иштеген. 2019-жылы 25-февралда Казакстан президентинин жарлыгы менен премьер-министрдин биринчи орун басары – каржы министри болуп дайындалган.

Бүгүн, 11-январда өкмөттүн жаңы курамы жарыяланары күтүлүүдө. Президенттин маалымат катчысы Берик Курмангали өлкө башчысы кимди калтырып, кимди кетирерин өзү чечерин билдирди.

XS
SM
MD
LG