Ссылки доступа

Улуттук борбор Казакстанда кармалган кыргыз жарандары боюнча БУУга кайрылат


Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы улуттук борбор Казакстанда кармалган кыргыз жарандарынын укугун коргоо жана кыйноолорду алдын алуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине кайрыларын маалымдады.

Улуттук борбор БУУнун атайын баяндамачысына кыйноо боюнча билдирүү жөнөтөрүн белгилейт.

10-январда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун Координациялык кеңеши чукул жыйынга чогулуп, Казакстандагы окуяларда күч кызматкерлери тарабынан кармалган кыргыз жарандарынын укугун коргоо боюнча маселе каралды. Жыйындын соңунда Жогорку Кеңеш жана Министрлер кабинетине Казакстанда кармалган кыргыз жарандары боюнча мекеме аралык комиссия түзүү сунушу жөнөтүлдү.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор - Кыргызстандагы кыйноорду алдын алуучу мамлекеттик орган.

Кыргызстандын Казастандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалган жана алардын тек-жайы такталууда.

Алматыда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов дүйшөмбүдө бошотулду. Расмий маалыматка ылайык, Казакстандагы башаламандык учурунда эки кыргызстандык каза болду.

Азырынча Казакстандагы башаламандыктарда канча адам көз жумганы так белгисиз. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун билдирген. 9-январда Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги жалпысынан 164 адам өлгөнүн “Телеграмга” жазган. Бирок, кийинчерээк бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги четке какты.

XS
SM
MD
LG