Бир жыл мурун ушул маалда суу сактагычта 11,7 млрд, 2019-жылы 14,5 млрд куб метр суу болгон.
2021-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан акыркы жылдардагы эң ири энергетикалык каатчылыкка кептелген. Ноябрдын соңунда энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр кубатын пайдалануу өсө турганы эске алганда 2022-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд куб метрге чейин азая турганын айткан. Андан дагы төмөндөсө ГЭС иштебей калышы ыктымал.
Өлкөдө электр кубатын пайдаланууна чектөө киргизилип, абоненттер арасында рейддер жүргүзүлүүдө. Улуттук энергохолдинг маал-маалы менен жашоочуларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып келет.