Ссылки доступа

Түркмөнстанда азык-түлүк тартыштыгына нааразы болгондор кысымга кабылууда


Түркмөнстанда субсидияланган азык-түлүктөрдү жеткирүү акырындык менен жоюлуп, товарлардын баасы кымбаттап жаткан маалда нааразылык билдирген кишилер кысымга кабылууда.

Жаңы жылдык майрамдардан кийин арзандатылган азык-түлүктөр убагында берилбей жатканына даттанган кишилер полиция бөлүмүнө чакыртылды. Аларга кылмыш иши ачылары эскертилди.

Соода министрлигине жашоочулар бир ай мурун арыз жазышкан.

“Жашоочулар, негизинен пенсионерлер Соода министрлигине “Радуга” дүкөнүнүн сатуучулары бир нече жолу арзандатылган май берүүдөн баш тартышканына, таразадан алдап, жеңилдетилген баадагы азык-түлүктөрдү көпчүлүк жумушта жүргөндө алып келип жатышканына, дүкөндүн өзүндө төлөм карталарын кабыл алынбаганына даттанышкан", - деди жергиликтүү тургундардын бири.

Өз булак мындай көрүнүштөр мамлекеттик бардык дүкөндөргө мүнөздүү экенин белгилейт.

Жыл башында өкмөт пенсия 10 пайызга көбөйө турганын жарыялаган. Расмий маалымат боюнча январь айынан бери минималдык пенсия 410 манатты түздү. Борбордук банктын курсу менен эсептегенде 410 манат 117 долларды түзөт, көмүскө базарда болсо ал болгону 18,6 долларга тете.

XS
SM
MD
LG