Ссылки доступа

Тажикстан: Вахшта балаты өрттөлгөндөн кийин райондун милиция башчысы кызматтан алынды


Хатлон облусуна караштуу Вахш районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана анын орун басары аянтта орнотулган балаты толугу менен күйүп кеткенден кийин кызматынан бошотулду.

“Озоди” радиосунун өз булактары кабарлагандай, өрт учурунда райондук аянтта тартип сакчылары болгон эмес.

Баштапкы маалыматтар боюнча балдар ойноп жатып, балатыны өрттөп жиберишкен.

Тажикстан Ички иштер министрлиги Вахш районунун милиция башчысы Алишер Неъматзода кызматтан алынганын тастыктап, бирок муну министрликтеги кадрдык ротация менен байланыштырды.

Буга чейин Вахш районундагы жаңы жылдык балатынын күйүп жаткан видеосу тараган. Соцтармактардын айрым колдонуучулары балатыны ислам радикалдары өрттөгөн болушу мүмкүн экенин жазышкан.

11-январда Вахш районунун өрткө каршы коргоо бөлүмүнүн башчысы Намозали Салимов жаңы жылдык балатыны үч өспүрүм ойноп жатып өрттөп алганын билдирди. Балдардын ата-энелерине административдик мыйзам бузуу боюнча протокол түзүлгөн.

Видео

XS
SM
MD
LG