Орусиялык компания 10-январдагы биржалык соодада банктын 32,98 миллион акциясын же уставдык капиталынын 8,33% 108 миллиард сумга сатып алды. Буга чейин "Телекоминвестке" бул банктын акцияларынын 16,6% таандык болчу.
Өткөн жылы октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу күйөө баласы Ойбек Турсунов "Капиталбанктагы" 52,43 миллион акциясына кошумча дагы 112,49 миллион акциясын сатып алган. Анда анын банктагы үлүшү 50% жеткен. Бирок "Телекоминвест" банктын акцияларын сатып алгандан кийин ал 41,6% азайды.