Ссылки доступа

"Талибан" Өзбекстан менен Тажикстандан тик учактарын кайтарып берүүнү талап кылуусун улантууда


"Талибан" өкмөтүнүн Коргоо министрлиги Ташкент менен Душанбеден былтыр Ооганстанда бийлик алмашкандан кийин Өзбекстанга жана Тажикстанга жеткирилген учактар менен тик учактарды кайтарып берүүнү талап кылууда.

Ооганстандын коргоо министринин милдетин аткарып жаткан Мавлави Мухаммад Якуб ооган авиациясынын 11-январдагы машыгуусу маалында Өзбекстан менен Тажикстан "оогандыктардын чыдамын кетирбеши керек экенин" билдирди.

"Биздин учактар бизге кайтарылышы керек. Учактарыбыздын чет өлкөдө пайдаланылышына эч качан жол бербейбиз", - деди ал.

Коргоо министрлигинин башчысы "эгер учактар кайтарылбаса, жаман кесепеттери болорун" кошумчалады. Бирок ал кандай кесепеттер жөнүндө сөз болуп жатканын тактап айткан жок.

4-январда "Талибандын" өкүлү Иномулла Самангани Кабулдун мурдагы расмий адамдары Өзбекстан менен Тажикстанга 40тан ашык тик учак жеткиришкенин, учурда аларды өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

Буга чейин талибдердин Коргоо министрлигинин өкүлү Иноятулла Хорезми тик учактарды Ооганстандагы азыркы өкмөткө кайтаруу өтүнүчү менен эки өлкөнүн бийликтерине бир нече жолу кайрылышканын айткан.

Азырынча Ташкент менен Душанбе бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бирок бир нече күн мурун Reuters агенттиги Өзбекстан менен Тажикстандын өлкө аймагына кирген айрым аскердик учактар менен тик учактарды Ооганстанга кайтарып берүү ниети жок экенин кабарлаган.

Агенттиктин маалыматына караганда, бул эки өлкө тең АКШга кайрылып, учактардын бир бөлүгүн алып калууга уруксат берүүсүн талап кылышкан. Бүгүнкү күндө Кошмо Штаттарда бул өтүнүч каралып жатканы кабарланууда.

Өзбекстан менен Тажикстанга жеткирилген тик учактардын көбүн Ооганстандын куралдуу күчтөрүнө АКШ берген. Өзбекстандагы тик учактардын үчөөнү бул өлкөгө качып барган президент Ашраф Гани жеткиргени айтылып келет. Калган учактарды ким жана кандай шартта жеткиргени белгисиз.

Бүгүнкү күндө Тажикстандын Талибан өкмөтү менен дипломатиялык мамилеси жок. Өзбекстан талибдер менен мамилеси жакшы болгонуна карабастан, азырынча алар түзгөн өкмөттү тааный элек.

XS
SM
MD
LG