Душанбенин Сафарали Давлатов аттуу тургунунун айтымында, авиабилет баалары дээрлик саат сайын жогорулап жатат.
"Эртең менен авиакассага барганымда Москвага билеттер 4450 сомони болуп турган. Бир сааттан кийин келсем ошол эле билеттер 4700 сомони болуп кетиптир. Айрым жерлерде 5-6 миң сомониден сатылып жатат. Бааларды орусиялык жана тажикстандык авиакомпаниялар өзүлөрү коюшат. Эмнеге экени белгисиз", — деди ал.
Авиакомпаниялар билеттердин кымбатташын аба каттамдарга болгон суроо-талаптын кескин жогорулаганы менен түшүндүрүп жатышат.
"Орусияда 31-декабрдан 9-январга чейин көпчүлүк мекемелер иштебей же адамдарды өзгөртүлгөн график боюнча кабыл алып жатышты. Мындай шартта мигранттар патент ала албай турганын билгендиктен, көбү Орусияга барууга шашылган эмес. Жаңы жылдан кийин авиабилеттерге суроо-талап кескин көбөйдү. Билет сатып алууну каалагандар канчалык көп болсо, анын баасы да ошончо көтөрүлөт", — деди Орусиянын "ЮТэйр" авиакомпаниясынын өкүлү Хусейн Усмонов.
Эксперттердин көбү да анын бул пикири менен макул экендиктерин билдиришүүдө. "Бүгүнкү күндө бул тармакта бир нече орусиялык компания иштеп жатат, ошондуктан монополия жөнүндө айтууга болбойт. Менин оюмча, баалардын жогорулашы авиабилеттерге суроо-талап көбөйгөнүнө байланыштуу", — деди экономика тармагы боюнча серепчи Абдуманнон Шералиев.
Учурда эки өлкө ортосундагы авиакаттамдарды Орусиянын "Ютэйр", "Урал аба жолдору", "Сибирь", "Ямал" жана Тажикстандын "Сомон Эйр" авиакомпаниялары аткарууда.
Азырынча Тажикстан өкмөтүнө караштуу Жарандык авиация агенттиги Орусиянын шаарларына авибилет бааларынын кескин жогорулап кетиши боюнча эч кандай комментарий бере элек.