Расмий басылмалардын маалыматына караганда, өлкө башчысы мерт болгон күч кызматкерлерине сыйлык тапшырып, алардын үй-бүлөлөрүнө бардык жактан колдоо болорун убадалады. "Баарыңыздардын үй-бүлөңөргө көңүл бурулат деп убада берем. Биз турак-жай шарттары болобу, балдарды окутуу болобу дайыма жардам беребиз", — деди Токаев.
Казакстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Токаев мындан тышкары Алматыда ыкчам штабдын жыйынына катышып, шаарга "террордук чабуулдун" кесепеттеринин масштабын жеке өзү баалоо үчүн келгенин айтты.
Казакстанда өткөн аптада газдын баасынан улам тутанган нааразылык тополоң, башаламандык менен коштолгон. Эң чоң каршылыктар жана жоготуулар Алматы шаарында болгон.
Өлкөдө антитеррордук операциялар башталгандан бери 400дөн ашык сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Адам өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдардын имаратына чабуул жасоо фактыларына байланыштуу 388 кылмыш иши козголгон.
Токаев 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) онлайн сессиясында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу башаламандыкты "мамлекеттик төңкөрүш аракети" деп сыпаттаган. Тополоңдорго чет өлкөлүк жарандар катышканын билдирип, аларды "террорчулар" деп атаган.
Казак президенти тынч акцияга чогулгандардын талаптары аткарылганын айтып, тынч митингдерди андан кийин башталган ызы-чууларга аралаштырбоого чакырган. Ага чейин акцияга чыккандар аларды "террорчу" деп атоого каршы экендиктерин, алар жөн гана кымбатчылыкка жана башка нерселерге нааразы болуп чыкканын" айтышкан.
Азырынча башаламандыктарда канча киши мерт болгону беймаалым. Бийлик буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгонун жарыялаган. Казак өкмөтү 164 киши каза тапканын билдирип, бирок көп өтпөй аны "техникалык ката" деген негизде төгүндөгөн.