"Бүгүнкү чечим Пхеньяндын массалык жок кылуучу куралды түзүү жана баллистикалык ракеталарды сыноо программаларынын өнүгүшүнө жол бербөө боюнча АКШнын аракеттеринин бир бөлүгү", - деп билдирди Кошмо Штаттардын каржы министринин орун басары Брайан Нельсон. Ал Түндүк Корея курал-жарак үчүн керектүү болгон товарларга жетүү максатында чет өлкөлөрдүн өкүлдөрүн пайдаланууну улантып жатканын белгиледи.
Санкцияларга ылайык, АКШ жарандары менен америкалык компанияларга тизмеге кирген тараптар менен иштешүүгө, транзакцияларды аткарууга тыюу салынат.