Ссылки доступа

Бердымухамедов интернеттеги маалыматтарды чектөөнү күчөтүүнү тапшырды


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинин 12-январдагы жыйынында өлкөнүн Улуттук коопсуздук министрлигин аймактагы азыркы аскердик-саясий кырдаалга жана коопсуздуктун абалына анализ жүргүзүп, анын Түркмөнстанга тийгизе турган таасирине баа берүүгө чакырды.

Түркмөн мамлекеттик телеканалдары шаршемби күнкү жыйында өлкөнүн аскер жана укук коргоо органдарынын 2021-жылы аткарган иштеринин жыйынтыктары да каралганын кабарлашты.

"Өткөн жылы өлкөдө Интернетти көзөмөлдөө иши тиешелүү деңгээлде аткарылган жок", - деди президент.

Бердымухамедов Улуттук коопсуздук министрлигин өлкөнүн конституциялык түзүлүшү менен коомдук пикирге каршы келген, ошондой эле терроризмге, экстремизге, улутчулдукка жана башка мыйзамсыз ишмердүүлүккө үгүттөгөн интернет булактарын аныктоого чакырды.

Түркмөнстанда көптөгөн жылдардан бери Facebook, Twitter жана YouTube сыяктуу ири социалдык түйүндөр, ошондой эле көз карандысыз маалымат агенттиктеринин сайттары бөгөттөлгөн. Мындан тышкары өлкө интернеттин ылдамдыгы боюнча эл аралык баяндамаларда дайыма арткы орундарга жайгашып келет.

Жыйындын жүрүшүндө Бердымухамедов сыртка чыгып жаткан түркмөнстандыктардан чет өлкөлөрдүн, саясий-экстремисттик жана диний радикалдык топтордун таасиринен коргонууну талап кылды.

Мамлекет башчы мындан тышкары прокурорлорго азык-түлүк коопсуздугунун камсыздалышын текшерүүнү, экономикалык кылмыштар менен жемкорлукка каршы күрөшүүнү, азык-түлүк бааларындагы айырмачылыктарга анализ жүргүзүүнү жана алардын туруктуу болушуна көз салууну тапшырды.

Сөзүнүн аягында Бердымухамедов мамлекет дайыма аскерлерге кам көрө турганын убадалады.

Түркмөн президентинин бул билдирүүсү коңшу Казакстандагы акыркы окуялардын фонунда жасалды.

XS
SM
MD
LG