Ссылки доступа

Тажикстанда COVID-19га каршы ревакцинация башталат (видео)


Тажикстанда COVID-19га каршы ревакцинация баштоо пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, биринчи кезекте коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын калктын аяр катмары алат.

Душанбедеги медициналык жайлардын көбү калкты ревакцинация кылууга даяр экендиктерин билдирүүдө.

Тажикстанда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө өнөктүгү 2021-жылы март айында башталган. Расмий маалыматтарга ылайык, андан бери өлкөдө 18 жаштан жогорку калктын 58% эмделсе, 69% вакцинанын биринчи дозасын алган. Бирок эксперттер менен адистердин арасында Саламаттык сактоо министрлиги тараткан бул маалыматтардан күмөн санап жаткандар да көп.

Ал ортодо айрым социалдык түйүн колдонуучулары кээ бир аймактарда адамдар эмдөөдөн өтүүгө мажбурланып жатканын билдиришүүдө.

Тажикстанда калкты коронавурстка каршы эмдөө үчүн CoronaVac, AstraZeneca, Moderna, Pfaizer жана Sputnik V вакциналары колдонулуп жатат.

Таджикистан готов к ревакцинации против COVID-19
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Видео

XS
SM
MD
LG