Ссылки доступа

Жогорку сот Байдендин милдеттүү эмдөө тууралуу жарлыгын жокко чыгарды


АКШнын Жогорку соту 13-январда президент Жо Байдендин орто жана ири компаниялардын кызматкерлерин коронавируска каршы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү тууралуу жарлыгын жокко чыгарды.

2021-жылы ноябрда Огайо штаты менен Көз карандысыз бизнестин улуттук федерациясы башында турган доогерлер тобу кызматкерлери 100 кишиден ашкан компанияларда милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүү тууралуу Коопсуздук техникасы жана эмгек гигиенасы боюнча федералдык башкармалыктын (OSHA) буйругуна бөгөт коюу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.

7-январдагы отурумда тараптардын жүйөлөрү угулуп, судьялардын алтоо буйрука бөгөт коюуну колдосо, үчөө каршы болгон.

Анда судьялардын бири Жон Робертс "буга чейин федералдык өкмөт эч качан бул сыяктуу кадамдарга барбаганын" билдирген. Ошол эле маалда судья Елена Каган Ак үйдүн адвокаттары келтирген жүйөлөрдү белгилеп, эмдөөдөн башка чаралардын бири да коронавирустун жайылуусун натыйжалуу токтото албастыгын айткан.

Соттун чечимине ылайык, Medicare жана Medicaid деп аталган мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасынан каражат алган медициналык жайлардын, анын ичинде ооруканалар менен карылар үйлөрүнүн кызматкерлерин милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү талабы күчүндө калды.

XS
SM
MD
LG