Ссылки доступа

Адахан Мадумаров Башкы прокуратурадан сурактан чыкты


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров 14-январда Башкы прокуратурага сурак берип чыкты.

Ал башкы көзөмөлдөөчү органга 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары көрсөтмө бергенин билдирди.

Мадумаров соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атады.

"2019-жылы чек ара маселеси боюнча кылмыш иши козголгон экен. Аны бардык тараптар карап көрүп, "таптакыр эч нерсе жок" деп жабылып калган экен. Ошол жабылып калган нерсени декабрда парламенттин сессиясы башталгандан тартып кайра козгоп жатышат",-деди Мадумаров. Ал мындан кийин дагы суракка чакырылганын кошумчалады.

Мадумаров аталган фракциянын депутаты Орозайым Нарматованын атайын кызматка суракка чакырылганы тууралуу комментарий берип жатып, соңку окуяларды "Бүтүн Кыргызстан" партиясына карата кысым катары сыпаттады.

Президент менен анын администрациясы Мадумаровдун дооматына үн ката элек.

Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол "кедергисин тийгизип жатканын" да билдирген.

Депутат Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) аны 14-январда саат 16.00го суракка күбө катары чакырылганын бышыктап, бирок чакырылган себебин билбей турганын билдирди.

Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.

Активисттин Кыргызстанга бир тууган агасын жерге берүү үчүн келгенде кармалганын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыккан.

Нарматова президент Садыр Жапаров абакта жатканда анын активдүү колдоочусу болгон, бирок Жапаров бийликке келгенден кийин саясатын кескин сындап жүргөн.

Президент былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Нарматованын суракка алынышына каршы болгонун маалымдаган.

"Чычкандай кызга эрегишпейм, аны камабагыла деп ИИМден сурандым​. Бирок ар бир журналист болобу, блогер болобу сүйлөгөн сөзүнө жооп бериш керек", - деген Жапаров.

Орозайым Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.

XS
SM
MD
LG