Ссылки доступа

Тажикстан "омикронго" байланыштуу чек аралардагы эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөттү


Тажикстан коңшу өлкөлөрдө коронавирустун "омикрон" штаммы аныкталгандан кийин аэропорттор менен чек аралардагы эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эпидемиологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Навруз Жафаров билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим COVID-19дун жайылуусун алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими менен кабыл алынды. Ага ылайык, өлкөгө келген жүргүнчүлөр коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөткөндөн тышкары, Тажикстанда да COVID‑19га тест тапшырууга милдеттүү болушат.

"Тажикстанга "омикрон" келбейт деген кепилдик жок. Азыр коронавирустун бул штаммы жайылып жаткан Европага Түркия жана Дубай аркылуу каттамдар аткарылып жатат. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк авиакомпаниялар Тажикстандан "омикрон" аныкталган Орусияга, Өзбекстанга учуп жатышат", — деди Жафаров.

"Омикрон" штаммы коронавирустун башка түрлөрүнө салыштырмалуу тездик менен жайылып, эмдөөдөн өткөн жана ооруп айыккан адамдарга да жугуп жатат. Адистердин айтымында, "омикрон" жуктургандардын арасында каза болуу ыктымалдыгы башка штаммдарга салыштырмалуу 75% аз. Бүгүнкү күндө жаңы штамм Тажикстан менен чектешкен өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен Өзбекстанда аныкталды.

XS
SM
MD
LG