Ссылки доступа

2021-жылы Орусиядан 1,5 миңден ашык активист жана журналист чыгып кеткен


2021-жылы саясий жана жазык куугунтугуна байланыштуу Орусиядан 1,5 миңден ашык активист жана журналист чыгып кеткен. Бул тууралуу Znak.com басылмасы Free Russia Foundation уюмунун долбоорлорунун менеджери Антон Махильчукка шилтеме кылып кабарлады.

Михальчуктун айтымында, уюм "саясий" эмигранттарды гана эсепке алган. 1,5 миңдин ичинде журналисттер менен активисттердин үй-бүлө мүчөлөрү же Орусиядан башка себептер менен көчүп кеткендер жок.

"Куугунтукка кабылгандардын көбү Грузияга, Литвага жана Украинага кетишкен. Мындан тышкары Чыгыш Европа өлкөлөрүнө, Францияга жана АКШга кеткендер да аз эмес", — деди Михальчук.

Free Russia Foundation уюмунун маалыматына караганда, Орусияда саясий эмиграция 2021-жылы жазында башталган. Анда полиция кызматкерлери Алексей Навальныйды колдогон кышкы митингдердин катышуучуларын сурактарга чакыра баштаган.

"ОВД-Инфо" басылмасынын маалымтына караганда, анда көзөмөл камералары аркылуу аныкталган 200дөн ашык киши административдик жоопкерчиликке тартылган. Мындан тышкары айрым активисттерге жапырт башаламандык уюштуруу, жол тосуу жана коронавирустук чектөөлөрдү бузуу өңдүү жазык айыптары да тагылган.

"Коммерсант" басылмасынын ноябрь айында жарыяланган эсебине ылайык, Алексей Навальныйдын 38 аймактагы штабдарынын (Орусияда экстремисттик уюму деп табылган) координаторлору өлкөдөн чыгып кетишкен же кете тургандыктарын билдиришкен.

2021-жылы октябрда "Такие дела" басылмасынын иликтөөчүлөрү акыркы 20 жылдын ичинде Орусиядан 4-5 миллион киши туруктуу жашоо үчүн башка өлкөлөргө чыгып кеткенин кабарлашкан. Маалыматка караганда, 2011-жылдан бери эмигранттардын саны жыл сайын өсүүдө. Акыркы жылдары алардын саны 300 миңден ашып жатат.

XS
SM
MD
LG