Ссылки доступа

Роман Абрамовичке португал жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугу текшерилүүдө


Роман Абрамович

Португалиянын бийлиги орусиялык миллиардер, "Челси" футболдук клубунун ээси Роман Абрамовичке португал жарандыгынын берилишинин мыйзамдуулугун текшерүүдө. Бул тууралуу Reuters агенттиги менен Португалиянын Renascença радиосу кабарлады.

Абрамович былтыр жазында XV кылымдын аягындагы инквизиция учурунда Периней жарым аралынан куулган еврей-сефарддардын тукуму катары португал жарандыгын алганы белгилүү болгон.

Португалиянын Юстиция министрлиги бул текшерүүнү стандарттык процедура деп аташты. Абрамовичтин өкүлү бизнесмен кандай гана текшерүү болбосун кубаттай турганын, "анткени жарандык бардык эрежелерге ылайык алынганын" билдирүүдө.

Буга чейин Роман Абрамовичке португал жарандыгынын берилишин орусиялык оппозициячы Алексей Навальный жана жемкорлукка каршы күрөшүү менен алектенген Transparency International эл аралык уюмунун Орусиядагы өкүлчүлүгү сынга алган. Навальный Португалиянын бийлигин коррупцияга айыптап, Орусиянын президенти Владимир Путиндин "ишеничтүү олигархына" жарандык бергенин айткан. Transparency International "жакшы ниеттер менен кабыл алынган мыйзамдын аркасы менен паспорттук мафия пайда болгонун" билдирген.

РБК басылмасы өз булактарына таянып, Абрамович көптөгөн жылдардан бери өз үй-бүлөсүнүн тарыхын изилдеп, алардын бир бөлүгү куугунтуктан кийин Гамбургга көчүп келгенге чейин Португалияда жашаганын аныктап чыкканын жазган.

14 миллиард евролук байлыкка ээ Роман Абрамович Португалиядагы эң бай адам болуп калды. Мында тышкары ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде 145-орунга жайгашкан. Абрамовичте португал жарандыгынан тышкары орус жана израил жарандыгы да бар. Израиль жарандыгын ал 2018-жылы британ визасын алууда кыйынчылыктарга кабылып, Лондондон Тель-Авивге көчүп кеткенде алган.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG