Бул тууралуу Хьюман Райтс Вотч" адам укуктарын коргоо уюмунун баяндамасында айтылат.
Эл аралык уюмдун маалыматына караганда, Өзбекстанда сөз эркиндигине байланыштуу жараяндар ийгиликсиз болуп, бийликти сынаган блогерлер куугунтукка учурады.
Көз карандысыз укук коргоо уюмдары каттоого алынбай жатат. Жарандарды кыйноого алгандар жазаланган жок.
Баяндаманын сөз эркиндигине арналган бөлүгүндө Өзбекстан өкмөтү “Оздолик” радиосун бөгөттөөнү улантып жатканы белгиленген.
Уюмдун маалыматына караганда, Өзбекстанда президенттик шайлоо учурунда ЖМКлар менен Интернетти көзөмөлдөө күчөтүлгөн.
Атап айтканда, поляк журналисти Агнешка Пикулицкаянын аккредитациясы узартылган жок, ташкенттик блогер Миразиз Базаров радикал мусулман блогерлердин чабуулуна учурады, дагы бир блогер Валижон Калонов камалды.
"Хьюман Райтс Вотч" уюму митинг өткөргөндөрдүн укугуна көңүл бурган. Баяндаманын авторлорунун пикиринде, өлкөдө буга байланыштуу мыйзамдарды жакшыртуу токтоп калды.
Мындан тышкары Өзбекстан мыйзамдарындагы гомосексуализм үчүн каралган жаза – кыйноонун бир түрү катары сыпатталган.