Ссылки доступа

Түркмөнстанда кайрадан толук локдаун жарыяланды


Түркмөнстанда кайрадан карантиндик чектөөлөр киргизилди. Базарлар, соода борборлору, ресторандар жабылып, бир гана азык-түлүк дүкөндөрүнүн ишине уруксат берилди.

Соода борборлору, базарлар, мейманкана жана дүкөндөр карантинге жабылганын Ашхабад тургундары 15-январь күнү эртең менен билишти.

"Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Анткени шаардагы маданий-оюн зоок борборлору жума күнү кечке чейин иштеп жаткан, ишембиде баары жабылып калды. Мекеме жумушчулары карантин жарыяланганын ишемби күнү таң эрте жумушка чыкканда билишти. Жаңы чектөөлөр февралга чейин сакталат", - деди шаар тургандарынын бири.

Борбор калаада театр менен концерттик залдар да жабылды.

15-январда Түркмөнстандын башка аймактарында да карантиндик чектөөлөр жарыяланганы белгилүү болду.

“Аймактар да толук жабылды. Мары облусуна кирип-чыгуу чектелди. Жашоочулардын айтымында, карантин шылтоо гана, бийлик көтөрүлүштөн коркуп жатат”, - деди Мары облусунун тургуну.

Түркмөнстан бийлиги азыркыга чейин өлкөдө коронавирус жуктурган учур каттала электигин айтып келет. Эл расмий маалыматка ишенбейт. 2021-жылдын октябрь айында “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы өлкөдө коронавирустан кеминде 25 миң киши кайтыш болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG