Ссылки доступа

Австралия соту вакцина албаганы үчүн Жоковичке каршы чечим чыгарды


Новак Джокович
Новак Джокович

Теннис боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи сапта турган белгилүү сербиялык спортчу Новак Жокович Австралия сотуна утулуп, бул өлкөнүн ачык чемпионатында титулун коргоп калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

16-январда Мельбурн шаардык соту анын өлкөдө калып, турнирге катышуу тууралуу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Эми спортчу өлкөдөн чыгарылышы керек, бирок ал депортациядан баш тартууда.

Новак Жокович коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндүктөн Австралия ага өлкөгө кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү визасын жокко чыгарган. Соттун бул чечимине каршы даттанып ал кайрадан сотко кайрылган. Теннисчи катышууну көздөгөн турнир 17-январда өтөт.

XS
SM
MD
LG