Ссылки доступа

Түркмөнстанда алимент боюнча карызы барлар кан тапшырууга милдеттендирилди


Лебап облусунда жергиликтүү бийлик алимент боюнча карызы бар кишилерди айына 600 грамм кан тапшырууга жөнөтүүдө. Жаңы милдеттенмелер тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

«Лебап облусунун шаардык жана райондук соттору алимент боюнча карызы бар жарандарды айына 300дөн 600 граммга чейин – карызынын көлөмүнө жараша кан тапшырууга милдеттендирүүдө. Алар карыздан ушундай жол менен кутулууга мажбурлашууда», - деди редакциянын кабарчысы менен жашыруун түрдө маектешкен Лебап облустук сотунун кызматкери.

Облуста алимент боюнча карызы бар жарандардын көбү ишсиз.

Сот кызматкеринин айтымында, 2021-жылы Лебап облусунда алимент боюнча сотко жазылган арыздардын он пайызы гана доогердин пайдасына чечилген.

«Арыз жазгандардын 90 пайызы алименттерин ошол бойдон ала алышкан жок», -деди сот кызматкери.

Ал соңку мезгилдерде облус ооруканаларында донордук канга муктаж болгондордун саны көбөйүп жатканын кошумчалады.

Былтыр август айында түркмөн бийлиги алимент төлөбөгөндөрдү милдеттүү түрдө пахта теримге жөнөткөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG