Ссылки доступа

Өзбекстанда жөө жүргөндөргө сый акы төлөө токтотулат


«Дени сак жашоо образы» платформасы 10 миң кадамдан кем эмес жөө жүргөн өзбекстандыктарга күнүгө 3000 сум (2 цент) төлөөнү токтотот.

Өзбекстандын Туризм жана спорт министрлиги билдиргендей, 16-январдан баштап дем берүүнүн жаңы системасы киргизилет. Мындан ары күнүгө 10 миң кадамдан кем эмес жүргөн кишилердин арасында лотерея ойнотулат. Жума сайын 1hls.uz сайтында 100 миллион сум акчалай сыйлык (9250 доллар) жана миң велосипед ойнотулат.

Каражаттын ачык-айкын бөлүштүрүлүшүн Коомдук байкоочу кеңештин мүчөлөрү көзөмөлдөйт. Анын курамына активисттер, IT-адистер, журналисттер жана блогерлер кирди.

Буга чейин «Дени сак жашоо образы» платформасынын алкагында 43 млрд. 45 млн 953 миң сум төлөнүп берилгени айтылган. Бул платформада каттоодон өткөн өзбекстандыктардын саны 1 млн 200 миң кишиден ашкан.

XS
SM
MD
LG