Ссылки доступа

Назарбаевдин иниси менен күйөө баласы кызматтан кетти


Нурсултан Назарбаев менен Самат Абиш

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулыбаев "Атамекен" улуттук ишкерлер палатасынын төрагасы кызматынан кетти. Бул тууралуу маалымат 17-январда палатанын сайтында жарыяланды.

Кулыбаев – мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динара Кулыбаеванын күйөөсү.

Бул арада Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин агасынын уулу Самат Абиш өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайтында кабарланды.

Буга чейин Казакстандын атайын кызматы Самат Абиш эмгек өргүүсүндө экенин кабарлаган.

7-январда жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга таянуу менен Самат Абиш Алматыда кармалганын жазышкан. Анын артынан эле атайын кызмат бул маалыматты төгүндөп чыккан.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылган, кийин “бийликти басып алуу” беренеси кошулганы 13-январда белгилүү болду.

Казакстанда соңку нааразылык акцияларында жана тополоңдо каза тапкан 225 кишинин сөөгү өлүкканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын кылмыш ишин козгоо кызматынан 15-январда маалымдашкан.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG