Ссылки доступа

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын рекорддук саны катталды


Өзбекстанда 16-январда 1037 киши коронавирус жуктурганы расмий аныкталып, бул 2020-жылы пандемия башталгандан берки өлкөдө катталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Буга чейинки эң жогорку көрсөткүч былтыр 5-августта катталып, 974 кишиге вирус жукканы кабарланган.

16-январга карата жарыяланган расмий статистикада COVID-19дан үч бейтап каза болгону жазылган.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги вирус жуктургандар көп катталганы менен симптомдору жеңил болуп жатканын белгилеп, тургундарды дүрбөлөңгө түшпөөгө, карантиндик чектөөлөрдү сактоого жана вакцина алууга чакырууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 206,1 миң кишиге жетип, 1518 бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG