Ссылки доступа

Өзбек бийлиги окуучулардын кышкы каникулу жазга чейин узартылганын четке какты


Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги коронавируска байланыштуу окуучулардын кышкы каникулу 1-мартка чейин узартылганы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Мекеменин билдирүүсүндө соцтармактардагы мындай маалыматтар жалган экени белгиленип, окуучулардын эс алуусу буга чейин кабарлангандай эле 24-январга чейин созула турганы жазылган.

Күн мурун социалдык түйүндөрдө коронавируска байланыштуу Өзбекстандын мектептериндеги кышкы каникул 1-мартка чейин узартылганы тууралуу билдирүүлөр пайда болгон.

Буга чейинки жылдары Өзбекстанда окуучулар кышкысын 11-январга чейин эс алып келишкен. Бирок быйыл өлкөнүн Билим берүү министрлиги окууну 24-январда баштоо чечимин кабыл алган. Мекеменин билдирүүсүндө мындай чечим мектеп жетекчилеринин жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды уюштуруу жана сасык тумоонун жайылуусуна бөгөт коюу максатында кабыл алынганы белгиленген.

9-январда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирустун "омикрон" штаммы аныкталганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG