Ссылки доступа

Казакстандын чек арачылары октон жаракат алган өзбек жаранын кармашты


Казакстандын чек арачылары өзбек-казак чек арасындагы "Жибек жолы" бекетинен октон жаракат алган өзбек жаранын кармашты. Бул тууралуу казак Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден белгилешкендей, бүгүнкү күндө чек арачылар антитеррористтик операция режиминде кызмат өтөп, башка күч түзүм кызматкерлери менен биргеликте рейддерди өткөрүп, стратегиялык жана административдик маанидеги объектилерди кайтарууда. Мындай иш-чаралардын жүрүшүндө чек ара бекеттеринде жапырт башаламандыктар менен талоончулукка катышуунун белгилери бар адамдар да кармалууда.

"Түркстан облусундагы "Жибек жолы" чек ара бекетинен Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган 29 жаштагы өзбек жараны кармалды. Анын телефонунан Чымкенттеги башаламандыктар учуру тартылган видеоматериалдар табылды. Мындан тышкары анын далысында болжол менен желим октон алган жарааты бар. Кармалган адам жергиликтүү полиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", — деп жазылган атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Азырынча бул окуя боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги да, Казакстандагы элчилиги да эч кандай комментарий бере элек.

2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына каршы болгон тургундардын нааразылык акциясы башталган. Көп өтпөй ал өлкөнүн башка аймактарына да жайылып, айрым жерлерде башаламандыктарга айланган. Казакстандын бийлиги Алматыга чет өлкөдөн даярдыктан өтүп келген "20 миң террорчу кол салганын" билдирип, президент Токаев жардам сурап Жамааттык коопсузду келишим уюмуна (ЖККУ) кайрылган. Мындан тышкары ал өлкөнүн бардык аймактарына өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол коюп, укук коргоо органдары менен армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук берген.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жапыр башаламандыктардан жана топтолгон адамдар менен полиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышуулардан кийин 9,9 миң киши кармалып, жүздөгөн кылмыш иши козголду.

Күн мурун өлкөнүн Башкы прокуратурасы нааразылык акциялардын жүрүшүндө кеминде 225 киши өлгөнүн, алардын 19у күч түзүм кызматкерлери болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG