Футболчу былтыр Өзбекстан чемпионатында үчүнчү орунду камсыздаган АГМК футболдук клубу менен эки жылга келишим түздү.
Алишер Жалилов 29 жашта. Душанбеде төрөлүп, 2004-жылы үй-бүлөсү менен Москвага көчүп кеткен. Ал "Локомотив" спорттук мектебинин тарбиялануучусу.
2010-2012-жылдары Орусиянын жаштар курамасынын катарында үч беттеш өткөргөн.
2019-жылы Алишер Жалилов "Истиклол" клубуна келген. Ал 2022-жылы өтө турган фтубол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Тажикстан улуттук курамасы үчүн беш оюнга катышып, бир гол киргизген.
Ал: "Ар бир футболчу курама команда үчүн ойноону кыялданат. Мен бактылуумун, кыялым орундалды. Мен Тажикстан курамасынын мүчөсү болгонум үчүн сыймыктанам", — деп айткан.
АГМК футбол командасынын башкы машыктыруучусу – белгилүү өзбекстандык футболчу Миржалол Косимов. Клубдун демөөрчүсү – Алмалык тоо-металлургиялык комбинаты.