Ссылки доступа

Өзбекстан учкучсуз учуучу аппараттарды чыгара баштады (видео)


Өзбекстан Борбор Азияда биринчилерден болуп учкучсуз учуучу аппараттары чыгара баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Коргонуу өндүрүшү боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө комитеттин алдында Учкучсуз авиациялык комплекстердин илимий-өндүрүштүк борбору түзүлгөнү белгиленген. Борбордо толугу менен эл аралык техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп берген “Лочин” учкучсуз учуучу аппараттарынын өндүрүшү жолго коюлду.

Борбордо курама агрегаттар, технологиялык жана атайын жабдуулар, учкучсуз авиациялык комплекстерди кураштыруу, сыноо, ремонттоо жана тейлөө үчүн керектүү жабдуулар бар.

Ошол эле маалда мекеме дрондорду чыгаруучу борбор өлкөнүн кайсы аймагында жайгашканын, кайсы өлкөлөрдүн технологиясы колдонулуп жатканын, бир аппаратты чыгарууга канча каражат кетери жана техникалар кайсы өлкөлөргө экспорттолорун так айткан жок.

Комитеттин маалыматына караганда, дрондор чалгындоо, сокку уруу, байкоо, маалымат алуу, артиллериялык аткычтарды башкаруу милдетин аткара алат. Аппараттар мындан сырткары картография, топогеодезия, мөңгүлөрдү, жолдорду, социалдык инфраструктураларды жана айыл, мунай-газ, токой, темир жол, кен тармактарындагы маанилүү объектилерди көзөмөлдөөгө да жарайт.

XS
SM
MD
LG