Ссылки доступа

Назарбаев: элита арасында жаңжал жок, мен пенсионермин (видео)


18-январда “Елбасынын басма сөз кызматы” кийинки учурда журт алында чыкпай калган мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин видеомаалыматын таратты.

Анда экс-президент “элита аралык күрөштү” жокко чыгарып, өзү борбор калаада экенин айтты. Дээрлик 4,5 мүнөткө созулган видеонун кайсы жерде тартылганы белгисиз.

“Менин дарегиме карата көптөгөн кайрылууларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып жаткан кабарларга жооп берип жатып, мен 2019-жылы ыйгарым укуктарды президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенимди кабарлайм. Ошондон бери мен пенсионермин, учурда Казакстандын борборунда эс алуудамын жана эч жакка кеткен жокмун. Президент Касым-Жомарт Токаев толук түрдө бийликке ээ. Ал Коопсуздук кеңешинин да төрагасы. Президент жакын арада “Нур Отан” партиясынын төрагалыгына да шайланат. Ошондуктан элитанын ичинде эч кандай тирешүү жана карама-каршылык жок. Бул темадагы ушактар негизсиз”, - деди Назарбаев.

Мурдагы президент Касым-Жомарт Токаевдин жаңы саясий программаларын кубаттап, жалпы элди аны колдоого чакырды.

Назарбаев январь окуяларын “атайын уюштурулган башаламандыктар жана чабуулдар” деп атап, ал өлкөнүн бүтүндүгүнө шек кетиргенин билдирди.

“Болуп өткөн трагедия баарыбызга сабак болду. Талап-тоноолорду жана киши өлтүрүүлөрдү ким уюштурганын аныкташ керек. Ага тергөө жооп табат”,- деген Назарбаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

  • Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.
  • Тополоңдо жалпы 225 адам өлгөнү аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы кабарланган, 700дөй кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG