Ссылки доступа

Орусиянын Тажикстандагы 201-аскердик базасы тактикалык машыгууларды өткөрүүдө


18-январда Орусиянын Душанбедеги 201-аскердик базасы Ляур жана Сумбули полигондорунда тактикалык машыгууларды өткөрдү.

Орусиянын Борбордук-аскердик окуругунун кабарлашынча, машыгуу учурунда артиллерия менен тик учактар колдонулду. Ага 1000 аскер катышты.

Тажикстандагы 201-база – Орусиянын чет өлкөдөгү эң ири аскердик объектилеринин бири. Ал Душанбе менен Бохтар шаарында жайгашкан. Базанын курамында 7 миң жоокер менен офицер бар.

Ооганстанда талибдер бийликке келгенден бери 201-аскердик базанын курамындагы бөлүктөр жүздөй машыгууларды өткөрдү. Аскердик базага артиллериянын жаңы түрлөрү, ракеталык орнотмолор, тик учактар жана танктар жеткирилди.

XS
SM
MD
LG