Ссылки доступа

Европарламентти мальталык Роберта Метсола жетектейт


Европарламенттин жаңы төрайымы кызматына Мальтанын өкүлү Роберта Метсола шайланды.

43 жаштагы саясатчы Европарламент тарыхындагы эң жаш төрайым болуп калды. Муну менен бирге Метсола – Евробиримдиктеги эң кичинекей мамлекет – Мальтанын ЕБдагы институттарынын бирин башкарган алгачкы өкүлү.

Консервативдүү саясатчынын талапкерлигин Европарламенттеги ири үч фракция колдоду.

Метсола аборттор жөнүндө мыйзамдарды катаалдаштырууну жактаган депутат. Бирок шайланып жатып Европарламенттин башчысы катары өз көз карашын эмес, анын көпчүлүк депутаттарынын кызыкчылыктарын коргой турганын айтты.

Роберта Метсоланын жолдошу – Европарламенттеги фин депутаты Укко Метсола. Алардын төрт баласы бар.

Европарламенттин мурдагы төрагасы Давид Сассоли 11-январда Италияда ооруканада көз жумган.

XS
SM
MD
LG