Ссылки доступа

Душанбе борборундагы жазуучулар үйлөрү түрттүрүлгөнү жатат


Душанбе борборундагы жаңы объекттин курулушу
Душанбе борборундагы жаңы объекттин курулушу

Душанбе мэриясы шаар борборундагы эки турак жайды бузуунун көздөөдө. Ал жерде белгилүү жазуучулар менен маданият ишмерлери жашайт.

Тажикстандын Эл артисти Мариям Исоева “жазуучулар үйлөрүн” бузууга каршы чыгууда.

“85 жаштамын. Өмүрүмдү өнөргө арнаган адаммын, үйлөрдү эмне себептен бузуп жатышканын суроого акым бар”, - деди белгилүү актриса.

Душанбе борборундагы бул үйлөр болжол менен 40 жыл мурун салынган. Тургундар аларды калаадагы башка турак жайлар менен салыштырганда анча эски эмес деп эсептешет.

"Ушул тапта бул жерде негизинен улгайган жазуучулар менен өнөр адамдары турат... Башка жерге китепканамды көчүрүүгө каруум да, каражатым да жок", - деди Тажикстандын Эл жазуучусу Урун Кухзод.

Душанбенин Исмоили Сомони районунун администрациясы бул тилке шаарды көрктөндүрүү үчүн зарыл экенин гана билдирди.

Бул арада тургундар Тажикстан башчыларына жамааттык кат жазууга ниеттенишүүдө.

Душанбе мэриясы 2021-жылы ноябрда жазуучу Садриддин Айнинин үй-музейин түртүрүү жөнүндө чечим чыгарган. Шаардыктар сенат спикери, Душанбе мэри Рустам Эмомалиге кат жазып, үйдү түрттүрүү чечими кийинкиге калган.

XS
SM
MD
LG