Полициячылар ары-бери өткөндөрдү токтотуп, документтерин текшерүүдө.
Шаар комендатурасы өзгөчө абал режими алынганы менен Алматыда террордук коркунучтун "кызыл" деңгээли сакталып турганын кабарлаган. Акимчиликтен алыс эмес жерде бир нече автобус токтоп турат, алардын ичинде атайын бөлүктүн кызматкерлери отурат.
Абылай хан көчөсү "Нур Отан" партиясынын имараты жайгашкан жерден баштап Гоголь көчөсүнө чейин жабылды. "Астана" аянты да тосулган.
"Азаттыктын" кабарчысы мурунку парламенти имараты – Казак-британ техникалык университетинин артында көп аскер кызматкери жүргөнүн көрдү. Аймакта мобилдик интернет жеткиликтүү эмес.
Буга чейин чет өлкөдө жашаган бозгундагы банкир Мухтар Аблязов тарапташтарын 19-январда митингге чыгууга чакырган.
Казак бийлиги январь окуяларынан кеминде 227 киши, анын ичинде 19 күч кызматкери өлгөнүн билдирүүдө. Өлгөндөрдүн бир бөлүгү “теракттарга катышкан куралдуу бандиттер” катары сыпатталууда.